жарылда
- Бажылдап көп сүйлөө, тынымсыз сүйлөй берүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ээги кетип карыса да, / Карылык басып ал кетип, / Эби кетип калса да, / Жарылдап турду ал жетип: / — Жалгыз атчан, жалгыз баш, / Жаныңда жок акылдаш, / Кайдан келе жатасың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…рдагыдан арттырып, / Күнү-түндүн ичинде, / Беш маал этти тарттырып, / Сай күлүгүн чубатып, / Кубанышка чаптырып, / Салтанаттап нускасын, / Ырчыларга ырдатып, / Жарылдатып Ырчы уулга, / Ат байгесин айттырып, / Үч жүз жылкы, үч жүз кой, / Баш байгеси ал экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Калың журт калды чур этип, / Мамык жаздык башында, / Ыйман айтып жарылдап, / Беш арысы кашында: / “Асылым төрөм курдашым, / Акыретке кеттиң деп, / Акым жок сизде кечтим” — деп, / Каныкей турду кашында, / Ардактаган дейилда, / Ак тубардан көшөгө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →