жарыктык1

китептерде 2 жолу, 2 китепте жарыктык 2 →
  1. Көбүнчө улгайган, картаң адамдарга карата аёо, боор ооруу сезими менен сыйлоо, урматтоо иретинде.
  2. Кандайдыр бир көрүнүшкө таң берүү, улуу деп санап кадырлоо, барктоо, ыйык көрүү маанисинде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

— Качып кайда баралы, жарыктык? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– О, жарыктык, – деди Абылай, – кудалыкка, элчиликке өлүм жок, бир жооп айтат, канга барып кел, ата. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →