жары2
- Кандайдыр бир нерсеге жетишип, кенелип калуу, жетиштүү болуу, марып иши оңоло баштоо, мүчүлүш болбоо, колунда бар болуу.
- Жарыбагыр формасында. Көбүнчө өзүнөн кичүүлөргө же балдарга карата «оңбогур, жакшылык көрбөгүр» деген мааниде айтылат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…аны, / Чанданды көргөн Чакмакташ, / Андестиги кармады, / Кисепчеден жаңдата, / Күрөөкөсүн көтөрө, / Кара санга сайганы, / Найзанын учу жетиптир, / Узундугу төш жары / Этин тилип кетиптир, / Кара сандан кан агып, / Арыкта суудай шар агып, / Жандап өттү Чакмакташ, / Жана санга бир сайып, / Тоодой болгон Сазандан, / Эки санда…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тоолорго толук кыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Төрдө олтурган төрөлөр, / Төшөгүндө кыш болуп, / Кооп сийген эрди көр, / Койнунан колун чыгарып, / Аттан деди Алмамбет, / Аскердин алд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Укканым чын, жалган жок, / Үмүт үзбө жарыңан, / Жарыңды колдон алдырып, / Баралбадың артынан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Караңгыны жарыткан, / Асмандагы ай урсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Кышында жолчулар түн баласында жарытып уйку көрбөйт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →