жарты

китептерде 29 жолу, 7 китепте
  1. Бүтүн эмес, толук эмес, жарым, бир бүтүндү экиге бөлгөндөгү бир бөлүгү, теңи.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чачынан байлап аскандай, / Кебетеси, кешпири, / Сын-сыпаты баарысы, / Дал адамдын башындай, / Мөмөлүү жыгач чер көрдү, / Кылыч менен жара чаап, / Эки бөлүп койгондой, / Жарты адамды көп көрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…үркүрөп, / Уккан кепке ачынып, / Көзүнөн жалын от жанып, / Таноосу көөп дердеңдеп, / Сакалдары байпаңдап, / Чылбырдай болуп чубалып, / Саамай чачы салбаңдап, / Жарты көлдөй жылтырап, / Маңдайда көзү алаңдап, / Арбашып жаткан жыландай, / Ээрди-мурдун жаланып, / Найзасынын учунан, / Кере кулач от жанып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сүт катыктап чай койду, / Каймакка бышкан токочтон, / Чагы менен жай койду, / Жарты киши тойгундай, / Керткен казы-жал койду, / Жатар ашы балдардын, / Ошол эле болгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Жарты күн турса Айчүрөк, / Тынч алып уктай албады, / Жалгыз уулу Сейитек, / Козголгондо кокуй деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Айтыш жарты сааттай созулду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →