жармаш

китептерде 40 жолу, 9 китепте
  1. Бир нерсени кармап, коё бербөөгө аракет кылуу, бир нерсеге чыгууга аракет кылып тырмышуу, тырмышып асыла кармоо.
  2. Кадала жабышуу, кайта-кайта кайрылуу, ажырабоого аракет кылуу.
  3. Ыкташкан, жанашкан абалда болуу.
  4. Жабыла тароо, каптай тийүү.
  5. Бирөөнүн артынан түшүп асылып алуу.
  6. Пайда, болуу же кандайдыр бир нерсеге дуушар болуу, илээшүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аркардай болуп көз жайнап, / Кулжадан бетер баш чайкап, / Тору ат кетип баратат, / Бекбачанын денинен, / Тырсылдап тери жарылып, / Сары суу менен кан агып, / Суу менен атка жармашып, / Жалы жыдып Тору аттын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Найза, кылыч, балтадан, / Табалбай арга баарынан, / Кол сунушуп бир-бирин, / Жан айабай кармашты, / Жакасына жармашты, / Кара мүртөс Чигитей, / Оозуна албайт Манасты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ат олоңун бекиттик, / Оодарышып кармаштык, / Кылышпадык жармаштык, / Багалектен алыштык, / Барлык күчтү салыштык, / Ийилбеген кайран бел, / Балтыр этти талыттык, / Орой- торой чалыштык, / Ороолонуп көрүштүк, / Өчүгүшүп күрөшт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чубак, Сыргак бой уруп, / Аралап кирди көп элге, / Адам аккан бул селге, / Торун топтоп кармашып, / Тобу менен жармашып, / Эр Сыргакка он миңи, / Тегеректеп тор салып, / Канча тордун ичинде, / Сыргак калды капталып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Тапан хандан бир киши, / Сейитимге жеткени, / Тапан хандан Сейитке, / Айтып келген кептери: / — Калкылдатып туу кармап, / Канча күнү кармаштык, / Сейитиге баргандын, / Баарысы кылды жармаштык, / Селдей каптап эл кеттик, / Арыкта суудай кан кечтик, / Балбандан өлдү канчасы, / Биз талапка жетпедик. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →