жармачтык

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Алсыздык, начарлык, күч-кубаты жоктук, дарманы жоктук.
  2. Колунда жоктук, жетишпеген начар турмушта болгондук, жардылык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эң алдында сен баргын, / Жармачтык кылып баратсаң, / Жаныңда турчу мен бармын, / Жарканаттай баланын, / Алы канча, кармагын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бир жылга толуп баратат, / Жүз миң аскер элүү эр, / Сейит менен кармаштык, / Теңдеше албай Сейитке, / Баарыбыз кылдык жармачтык, / Кол узараар бекен деп, / Эми өзүңө келип арз айттык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Өнөрүңдү койо тур, / Найзалашып мен алам, / Жармачтык кылып баратсам, / Жанымда бар он балбан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →