жармач
- Алсыз, начар, күч-кубаты жок, шайы жок, араң жан, дарманы жок.
- Эркек козу тигилерден кийин түшкөндүктөн кичирээк жана жармач көрүндү («Жаш ленинчи»).
- Колунда жок, турмушу начар, жарды.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…м уруксат, / Арманы ичте калбасын, / Тапан хан өзү баш болуп, / Бастырып келбей чойкойуп, / Найзасын бекем кармасын, / Караанга алып келбесин, / Керекке келбес жармачын, / Караан болор эрлерге, / Каптап келчү элдерге, / Барбай жатып албасын, / Алдатып ханың канчыкка, / Каңгырап куру калбасын, / Эрегишсе эрдемсип, / Ойлосун тир…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →