жарманке

китептерде 4 жолу
  1. Белгиленген жерде мезгил-мезгили менен уюштурулуучу соода, товарлар базары.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Кызыл-Кыя деп, кадимки атактуу Каркыра жарманкесинен элүү чакырымдай бери, бир чоң ашууну айтат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Өзү элден обочо конуп, бээлерин байлап салып, күндө эки чанач кымызды артынып алып, ары түштүк жерге, Каркыра жарманкесине сатып келүүчү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Баягыда казак, кыргыздын байлары өзбек, ногойдун соодагерлери дуулап турган жармаңке ушул! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →