жарлык
- Аткарылышы талап кылынган көрсөтмө, жарыя кылынган кабар, кандайдыр бир иштердин аткарылышы милдеттендирилген буйрук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп Көкбөрү күркүрөп, / Таласты карай чубагын, / Аттангын, деп дүркүрөп, / Көкбөрү жарлык кылганда, / Асылдан коркуп жазганып, / Таласка аскер барганга, / Таласка барсак өлдүк, деп, / Барбасак кордук көрдүк, деп, / Ажал жетпей өлдүк, деп, / Кара аскер жүрөт күбүрөп, / Мине албай атка кээ бири, / Тушалып буту бүжүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мен Таласта калайын, / Мурункудай хандыкты, / Колуңа алып жарлыкты, / Жети ата болуп хан өткөн, / Атактуу калаа Алматы, / Ал казактын шаары экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Дарбазада жолчуга, / Жарлык кылды Дабытай, / Бачымыраак түшүр, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ат берели, Алмамбет, / Биз жөө бассак да көрө, / Алп Жамгырчы, Балта дөө, / Сурап келсе бул экөө, / Бербей койор айла жок, / Сынчыны берди экөөнө, / Сынчыны алып келишип, / Беш жүздөн миң ат беришип, / Аттанып булар жөнөдү, / Жарлык ушул жүр дешип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чойтолоң айтат мындай деп: / — Куткарбас аттан жыгылып, / Куйкасы кумга тыгылып, / Сизден жарлык болгон жок, / Биздин аскер козголуп, / Кыймыл этип койгон жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →