жаркыра

китептерде 76 жолу, 9 китепте
  1. Жалтылдоо, жарк-журк этип көрүнүү, кирсиз тунук жалтыраган көрүнүштө болуу.
  2. Нур чачуу, шоола чачуу, жарык берүү, нур чачылуу.
  3. Шаңдуу, жыргалдуу, бактылуу, шайыр турмушта болуу.
  4. Жайдары, сүйкүмдүү көрүнүштө болуу, ачык-айрым мүнөздө болуу, көңүлү ачылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күн чыгып жарык болгондо, / Канаттуу учуп өтө албай, / Айактуу басып кете албай, / Гиеси жок баары таш, / Жаркыраган тоо көрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Асман ачык, күн бүркөк, / Туман түшүп алыптыр, / Жаркырап жарык күн тийбей, / Тунарыктап калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күн жаркырап, жер бети, / Жалган түш болгон кездерде, / Тоо жарылып шаңк этип, / Чубап кыздар жөнөдү, / Шоолаланып жарк этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жаз жаркырап келгели, / Күзгө жакын болголу, / Тайыбадык күмбөздү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Берегинде, керегенин түбүнө жапшырыла, оң ийни пагону отко чагылышып жаркырап, буттарын чачып таштап, көмөрөсүнөн түшүп чочкодой корулдап, уктап жаткан — Бала Курман. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →