жаркын

китептерде 18 жолу, 5 китепте
  1. Нур, шоола, жарык.
  2. Жакшы көргөндүгүн, сүйкүмдүүлүгүн билдирүү иретинде эркелете айтууда колдонулат.
  3. Жайдары мүнөздүү, ачык-айрым, сүйкүмдүү, шат көңүлдүү, жылдыздуу, жаркылдаган жайдары.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Соккон билет алтынды, / Күйгөн билет жаркынды, / Кылыч сүйрөп чыксаң да, / Кыракы билет баркыңды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Катыны жок бой келген, / Элүүгө жашы чыккыча, / Жаркыны тийип Сейиттин, / Кубулке алды бул чакта. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жалт-жулт эткен жаркындан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жабдыгы көздү уйалтып, / Жаркыны көккө тартылган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Айдай жаркын нур бетин, / Өмүрлөшүп кошулсам, / Тынымкандын көрөйүн, / Айтканымды кылбасам, / Адам болбой өлөйүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →