жаркылда
- Жарк-журк этүү, жаркырап, жалтылдап көрүнүү.
- Кабагы жарык, жайдары мүнөздө болуу, көңүлү шат болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…өй тебелеп, / Күүлөнүп тийди Кененге, / Тең келеби мага, деп, / Карап турган Кара көк, / Кайраты жандан бир бөлөк, / Айнектей көзү жалтылдап, / Алтындуу саадак жаркылдап, / Качырышты бул экөө, / Күн бүркөлүп карарып, / Кара нөшөр күн куйуп, / Мойну ылдый суу агып, / Тиктеген кирпик ирмелбей, / Күн карсылдап чагылып, / Чакмак ча…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кутунай кирип барганда, / Малуна кеби бул эле: / Козголчудай калтылдап, / Алтындуу саадак жаркылдап, / Ат куйругу балкылдап, / Көрүнүшү айбаттуу, / Найзанын учу жылтылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Семетейди көргөндө, / Колуна конгон жаркылдап, / Бир күнү келип калыптыр, / Ээр-токумчан буурул ат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Желип кетти Канчоро, / Суркойон алда шалкылдап, / Сырнайза колдо жаркылдап, / Аккелте жондо жалтылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Батыш жакта бир сайда өмүрдөн бөлөк жаралгандай жаркылдап турган жалгыз от ченден бир ит үрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →