жаркы

китептерде 21 жолу, 7 китепте
  1. Жарык чачуу, нур берүү, жаркыроо.
  2. Жадырап-жайнаган жайдары мүнөздө болуу, көңүлү ачылуу, жаркылдаган шат көңүлдө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жоодар алды найзасын, / Кайрат кылып тырпаңдап, / Ак сакалын жаркытып, / Жааган кардай барпаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аксакалы жаркыган, / Абакесин тааныды, / Абадан башка кеби жок, / Алдырып Сыргак наалыды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Байкап турса Карадөө, / Башын салып аскада, / Ортодо чыкты бир адам, / Тигилип тиктеп караган, / Акылынан жаңылган, / Тиштери аппак жаркыган, / Айдай беттен нур тамган, / Бар сайманы алтындан, / Күн чагылып жаркыган, / Тик багып адам көрө албайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Уларбоз атын аргытып, / Ак сакалын жаркытып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Санаасы бирге талапташ, / Олуйа Кошой кары өткөн, / Айдай бети жаркыган, / Айткан кеп балдай татыган, / Акылман Бакай дагы өткөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →