жарк

китептерде 84 жолу, 10 китепте
  1. Жарыктын, нурдун таралышын, чагылышын же кандайдыр бир өңдүнтүстүн чагылышкан сыяктуу болуп жалт-жулт этишин, жаркылдап тез көрүнө калышын билдирүүдө колдонулат.
  2. Кандайдыр бир окуянын, кубулуштун тез, ылдам боло калышын, кескин түрдө жана айкын көрүнүшүн билдирүүдө колдонулат.
  3. Жаркылдаган жайдары мүнөздү, шаттыкты билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

жылтылдап, / Алдындагы сур атты, / Жыландай сойлоп кылтылдап, / Хан Калдыкка чаптырбай, / Чабар айла таптырбай, / Туман болуп көрүнүп, / Тунарыктан сөгүлүп, / Жарк дей түшүп ачылып, / Бекбачанын торуна, / Жеткендей болду асылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жылантору ат менен, / Кылычта кандуу дат менен, / Кыйкырыгы таш жарып, / Чигитей күндө топ бузат, / Чигитей үнүн укканда, / Жарылып жүрөк кубанат, / Жарк этип көзү ачылып, / Жана кайра тунарат, / Баатырдын үнүн укканда, / Баш көтөрүп суналат, / Угулбай үнү калганда, / Баштагыдан беш бетер, / Күндүн бети тунарат,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Как өпкөгө чиктешип, / Алгыр бүркүт кептенип, / Ирмебей көзүн тиктешип, / Найза учу жетерде, / Мылгып кирип кетерде, / Найзага найза каңк этип, / Учунда темир жарк этип, / Сайдырбастан найзаны, / Найза менен кагышып, / Бели катуу эрендер, / Адистигин таанытып, / Ителгидей айланып, / Баштакыдан беш бетер, / Огобетер каарда… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бала жерге түшкөндө, / Жарк эткенсип дүнүйө, / Чөйрөдөгү турганга, / Укмуш болду көрүнөө: Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күн жаркырап, жер бети, / Жалган түш болгон кездерде, / Тоо жарылып шаңк этип, / Чубап кыздар жөнөдү, / Шоолаланып жарк этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →