жардан

китептерде 27 жолу, 10 китепте
  1. Аба жарып жапырт карап туруу, бир нерсеге таңыркагандай казганактап карап калуу, жапырт тигиле карап калуу, жапырт тизилип туруп калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…гөн адамзат, / Бүткөн бойу дирилдеп, / Мас болгон нардай күркүрөп, / Көргөндүн бойу дүркүрөп, / Орто-карта баатырдын, / Сийдиги чыгып бүркүрөп, / Касаба тоодой жарданып, / Албарстан найза карманып, / Качырып кирди шаңданып, / Манжу Бодоң, Бекбача, / Эрегишип кездешип, / Өлөр жерин чиктешип, / Өчүгүшүп көгөрүп, / Өткүр найза өң… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айтып койуп кыргызга, / Ач жолборстой чамынып, / “Душмандашкан калмактын, / Кара аскерде айып жок, / Хан буйругу ушул” деп, / Келген калмак караан топ, / Кененим мындай кеп ойлоп, / Каз таман найза карманып, / Касаба тоодой жарданып, / Качырып тийди алдынан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Түн бойунча кангайлар, / Түрүлүп чыгып калбастан, / Сап-сап болгон жарданып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
деп Семетей, / Бузулуп өңү сурданып; / Суркойон минип шаңданып, / Касаба тоодой жарданып, / Алмамбет уулу Гүлүстөн, / Кыл муруту бириндеп, / Каары жүзгө айланып, / Алмабаш мылтык, Акшамшар, / Балтасы болот таш чабар, / Торгой көз темир бадана, / Үш… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Карап турат калын, журт, / Гүлчорону жарданып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →