жардамчы
- Бирөөгө кандайдыр бир иш, жумуш боюнча жардам көрсөтүүчү, көмөктөш болуп кол кабыш кылып, кошо иш жүзүнө ашыруучу.
- Кандайдыр бир ишке жетекчилик кылган же ал иштин негизги аткаруучусу болгон адамга баш ийип, ага жардам бере турган, айрым учурда анын орун басары катарында милдет аткара турган адам.
- Керкибай райондогу мекемелердин биринде жардамчы бухгалтер (Каимов).
- Негизгисинен тышкары кошумча.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Куткарбастын алдында, / Желмогуз менен сен болуп, / Эки вазир төрт болуп, / Куунайза балбан, кырк баатыр / Андайлардан көп жатыр, / Кумсар сыйкыр желмогуз, / Жардамчы сыйкыр он болуп, / Жүз миң аскер топтолуп, / Закым учкан чөл болуп, / Каз баркылдап кечкисиз, / Мелтиреген көл болуп, / Карга ашып учалбас, / Каркайган кара то…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кылычтап баарьн айдады, / Хан Кыйаз болуп жардамчы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →