жардамдаш
- Жардам берүүчү, көмөк көрсөтүүчү.
- Ар кандай жумушка ишке кол кабыш кылуу, кандайдыр бир үлүшүн аткарууда кошо иштешүү, жардам көрсөтүү.
- Материалдык, моралдык, духовный ж.б. жактан колдоо көрсөтүү, көмөктөш болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Элүү миң аскер да бердим, / Колсуз жүрбө эрмин, деп, / Элүү миң аскер эки эр, / Жардамдашып берсин, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бурмаке да бир жактан, Бейшембиге жардамдашып:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →