жардам

китептерде 153 жолу, 10 китепте
  1. Кандайдыр бирөө тарабынан болгон кол кабыш, экинчи тараптан болгон ар кандай көмөк.
  2. Материалдык, моралдык, духовный ж.б. жактан көрсөткөн колдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Айкөл Манас көкжалдын, / Арбагы жардам бергин, — деп, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Баатыр Сыргак кеменгер, / Олуйам жардам бергин, — деп, / Өлбөй тирүү кетти деп, / Элдер айтып жүрүшөт, / Карыйа Б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Көгүчкөн болуп кубулган, / Көйкапта кохар тууру бар, / Айчүрөк энем канаке, / Жаадыма түштүң силер, — деп, / Сыйынамын медер, — деп, / Анык кайып болгондор, / Жардамы болсо берер, — деп, / Айабаса ат -тонун, / Абам Гүлүс келер, — деп, / Арканды алган Кесилет, / Чырмап байлап бекемдеп, / Үзөңгү боого салганда, / Чиренип тарты… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Муну ойлонот Айчүрөк, / Жардамга киши табам, деп: / “Кайыпдаң кызы Куйалы, / Сегиз жашта бир көрдүм, / Бүгүн он сегизде убагы, / Эмгичекти ошону, / Оодарып бенде албады, / Ойрондун бири бу дагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жолдон кезиккен жан болсо четибизден ыйлап жиберип, жалынып жардам сурачудай болуп, сурубуз качып, ар кай жерде бирден, экиден сенделип араң жүрүп келебиз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Эми дагы бир жардамыңды тийгизип, мени кое бер, – деди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →