жарда1
- Элге жарыя кылуу, көпчүлүккө угузуу, айтуу, жар салуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тору атты иттер жарганда, / Кармайбыз деп тор кармап, / Алты миң балбан жардады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мадана менен Мадыбек, / Мыкты болсо Чигитей, / Бошотуп сени алсын, деп, / Мойнунан талга байлатып, / Жылаң айак, жылаң баш, / Жаш балдарга айдатып, / Карагандын барысын, / Таң калтырып жардатып, / Тигинтип келе жаткамын, / Алардын өңүн саргартып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Айткан кепке болбосоң, / Арманың ичте калбасын, / Айанбастан камдангын, / Камың бүтүн болгончо, / Камаарабай мен бармын, / Кагышар болсоң бел байлап, / Аркаңда аскер жардасын, / Ачакан менен Саламат, / Ажырап андан сен калдың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Айылды карай жөнөдү, / Аттанып булар чубуруп, / Келатат деп эл угушуп, / Жардап карап турушту, / Короого чыгып чогулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…рат санаасы, / Күн тийгендей жарк этип, / Айкөл шердин баласы, / Айткан кебин карачы: / — Төкпөй-чачпай кебимди, / Айтып баргын, арачы / Тапан хандай бегиңе, / Жардап турган элиңе, / Кырк күн бердим мөөнөттү, / Ханың турса кебине.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →