жаргылчак

китептерде 11 жолу, 5 китепте
  1. Данды майдалоо үчүн (көбүнчө талкан тартуу үчүн) колдонулуучу эки беттелген тегерек таштан жасалган ортосу оюк, үстүнкү бетинде кармап тегерете турган туткасы бар курал.
  2. Көбүнчө таштак жерге чыгуучу өсүмдүктүн бир түрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лдарын, / Олжолоп кеткен кыздарын, / Кулданып кеткен уулдарын, / Төөлөрүнө артышып, / Алтын-күмүш зарларын, / Калтырбай алып келиптир, / Асыл буйум барларын, / Жаргылчак куйрук кой келди, / Аз келбеди, мол келди, / Аргымак келди ат келди, / Айалдабай бат келди, / Коркулдап топоз ал келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жаргылчагы чарайна, / Аны тартып бооруна, / Найза кылып куургучун, / Кошо кармап колуна, / Чирене тээп туткучун, / Үзөнгүнүн ордуна, / Супурасы кисепчи, / Эки буттун тому… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кызыл сууда кылаңдап, / Кызыл тумшук Ажыбай, / Кетип барат чубаңдап, / Жаргылчакты жакалап, / Жаңыртып атын такалап, / Тескей тоо менен калкылдап, / Нар буурадай шалкылдап, / Кийгени күмүш күрөкө, / Күн чагылып жаркылдап, / Күрөң аттын касасы, / Карчытында шалпылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жаргылчагы чагылды, / Куургучу сынып кур калды, / Супурасы жыртылды, / Сыйкырына жол койбой, / Сейити буга сыр кылды, / Качып жүрүп кара жүз, / Тапан ханга жолугуп, / Тын… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Баягында көкөйүмдү тешип, Көк-Теректен көтөрүп келген жаргылчак жатат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →