жарашыктуу
- Келишимдүү, көрктүү, кыналган, бап келген, татынакай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Теке көөдөн тайган төш, / Кулжа мойун жалын көз, / Көмкөрүп койгон чарадай, / Жарашыктуу төрт туйак, / Чаткайагы колоттой, / Жер согору болоттой, / Кашка тиши кадоодой, / Кызыл тили бүлөөдөй, / Жылкыдан чыккан түр сайак, / Күлүктүк сыры боорунда, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бала жолборс Чубактын, / Бар жарагы телделүү, / Жарашыктуу ылайык, / Көктекени мингени, / Көмөрө кийип туулганы, / Кыйкырып Чубак жүрдү эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Олоңдору оймо алтын, / Жарашыктуу жасалган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…ланды, / Бой жасап жүргөн кыздарды, / Акыректе чоң сөйкө, / Алтындан чачпак сооруда, / Ар түрлөнүп кубулган, / Арген үндүү келинди, / Жаакташ менен Майбулак, / Жарашыктуу жеримди, / Кең Тескей менен Жайылма, / Жайыты малга кеңири, / Буура кужур, Акташы, / Жергенин сарыталаасын, / Жерлээр күнүм болоорбу?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →