жарашык
- Кандайдыр бир нерсенин көрүнүшүндөгү келишимдүүлүк, көрктүүлүк, кыналып бап келгендик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Билегинде билерик, / Буруп соккон имерип, / Анча-мынча кишилер, / Кымбат баа кыргыз кызына, / Кеп кыла албайт ийменип, / Манжага шакек жарашык, / Жасагандай табигат, / Колдоруна жарашып, / Маңдайы шамдай жапжарык, / Мөлтүрөп бети агарып, / Мөндүрдөй тиши саналып, / Кызылы кызыл, агы ак, / Чыккан ай кы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…п, / Атына чуркап дарбаңдап, / Куржундарын колго алып, / Ичин ачып карашып, / Ат үпчүнүн жабышса, / Окшош боз ат жарашып, / Өздөрү кийди кийимин, / Өңчөй кызыл жарашык, / Сындап турат келбетин, / Бирин-бири карашып, / Таанылбай калды кубулжуп, / Бирин-бири сурашып, / Өзүнүн атын тааныбай, / Чылбырларын талашып, / Арстан шерге…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Келин-кыз, жубан топ болуп, / Бозулан жигит козголуп, / Ойунга кирди жарашып, / Шер Сейитек Куйалы, / Күкүк менен зейнектей, / Өтө көркөм жарашык, / Ырчылар ырын ырдашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кашка тиши кадоодой, / Кызыл тили бүлөөдөй, / Жал куйругу түбектей, / Жарашыгын карасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Далысы кең, буту кууш, / Бүткөн бойу тарамыш, / Көмөрүп башка туулга, / Кийгенинен жарашык, / Алдындакы Алайак, / Мингенине жарашып, / Аттанып чыкты бул бетбак, / Баатырлык жолун талашып, / Ажал алып жакадан, / Акылынан адашып: / “Кылычты канга жууйу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →