жараша
- Кандайдыр бир нерсенин ыңгайына, шартына карай, ошого ылайык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…/ Ыжылдаган мынчасы, / Кудай бетин көрсөтпө, / Алты жүз тайган ажылдап, / Бир кишини камаса, / Баатыр минген Майтору, / Жылкыдан сыны бир башка, / Анын ырысына жараша, / Аркасын карап кылчаңдап, / Жорголой басып ыкчамдап, / Кыйгач тиктеп жаныбар, / Кыйырдата тепкенде, / Жүздөн ашык ит өлүп, / Бир канчасы жарадар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бактысына жараша, / Баш-аламан көпчүлүк, / Каптап келди эми эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…Тирүү киши турмайалык, / Өлгөнгө кошо асылып, / Кененим айтат мамындай: / — Апкаарыдың Дабытай, / Качырып найза уралбай, / Кара жалдуу чоң кула ат, / Мингениме жарашат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Баланын атын караса, / Бактысына жараша.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Айсулуу падышам сага гана жарашат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →