жараткан

китептерде 88 жолу, 9 китепте
  1. Кудайдын сыпаты (Жаратуучу) кыргызча аталышы. «Жарат» – кандайдыр бир нерсени пайда кылуу, түзүү жасап же иштеп чыгуу, дүйнөгө келтирүү. Ага «кан» мүчөсү улануу менен ал атоочтук формага өткөн жана затташкан мааниде Кудайды туюнтуп калган. Кудайдын башка сыпат сыяктуу аттары сыяктуу эле кеңири кездешет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алтымыш уруу Алашка, / Арстанды Алла жараткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Биз узакка кетпейли, / Эстейли жана эстейли, / Эл сүйгөн баатыр Манасты, / Эр жараткан алашты, / Олуйа Кошой карыны, / Кабылан Бакай баштаган, / Он төрт хандын барыны, / Кырк кашкага баш болгон, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – бере… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Элеп койбойт кененим, / Эчтемеден кайгы жок, / Элинде турган немедей, / Кудай артык жараткан, / Кененимди ченебей, / Арстан тууган каракөк, / Айласы журттан ашкан көп, / Талананын найзасын, / Балта менен какканы, / Балта тийген бул найза, / Асманды карай учканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Найза, кылыч, балтадан, / Калбады тарпы жарактан, / Пендеден мындай эр кылып, / Кудурет кандай жараткан? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Бирок аларды башынан сараң кылып жараткан! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →