жарат2
- Кандайдыр бир нерсени, имарат же буюмду, чыгармачылык эмгекти ж.б. пайда кылуу, түзүп, жасап же иштеп чыгаруу, дүйнөгө келтирүү.
- Жактыруу, жарамдуу деп табуу, жарактуу, таламга туура келгидей деп эсептөө.
- Керектөө, керек кылуу, бир нерсеге керектеп жумшоо.
- Атоочтук формада: жараткан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айлантып суусун чачтырып, / Садагасын чаптырып, / Сарыбашыл койун мууздатып, / Кембагалга уучтатып, / Сарыбашыл уйун талатып, / Жыйылып келип топтолгон, / Жашы-жалаңы, кары-жаш, / Баатыр эрди карашып, / Эки айактуу жумур баш, / Көргөндүн баары жаратып, / Чолпондой жүзү нурланган, / Чоктой көзү кызарган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ойноп айтсаң ойлой айт, / Тилимди алсаң экөөңөр, / Ушул жерден кайра тарт, / Кененимге кездешсең, / Койдой кезет башыңды, / Коондой жарат ичиңди, / Ачып көздү жумганча, / Бүтүрүп койот ишиңди, / Сындырат бүктөп белиңди, / Шыпырат аттан ээриңди, / Жетим кылат балаңды, / Жесир кылат алганды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…йын айтайын, / Бузулбасын эти деп, / Так башына аткамын, / Түшө калып мууздагын, / Күрөөнүн кызыл кандарын, / Мен бутума сыйпайын, / Аккулжадан аккан кан, / Ар жаратка дары деп, / Жүйрүн дөөдөн укканмын, / Анда Бакай турабы, / Атынан түшүп мууздады, / Алмамбеттин жарага, / Канын шыбай таштады, / Каны кургап катканча, / Алакең…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кардымды канчык жарат деп, / Ойлойт белең Сарыбай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алдындагы Кара атты, / Найдай кылып жаратып, / Асман, көктү каратып, / Көргөн жанды жадатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →