жаранка
- Майдараак жарылган отун.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыраан бала Кененим, / Кыйгактуу чынар түп жагын, / Кыйа кармап бекемдеп, / Булгап-булгап ийгени, / Жараңка башы чынардын, / Кызыл алпка тийгени, / Талаадай болгон кең бетти, / Кыйа-чийе тилгени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…п бакырып, / Менин атым Шермат хан, / Кел бери, деп чакыр, / Шермат ханды көргөндө, / Курчтугу эрдин кармады, / Алдындагы кулага, / Айабай камчы салганы, / Жик жараңка көрүнгөн, / Жерди көрүп Кеңкула, / Мында бар деп бир бала, / Жанаша казган эки ордон, / Каттай аттап чуркады, / Жаныбарым кеңкула, / Төрт айагы тең түшүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жаш баланы кетелик, / Дүмбүл окшош кемирип, / Кыйратты десе майданда, / Кыр-кырынан кетилтип, / Жаманатты кыласың, / Жараңкасыз сынасың, / Жайыл бала белемсиң, / Жалтанбай кандай чыгасың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →