жаран1

китептерде 7 жолу, 5 китепте жаран 2 →
  1. Расмий түрдө тигил же бул мамлекеттин туруктуу тургуну болуп эсептелип, ошол мамлекет тарабынан камсыз кылынган бардык укуктардан пайдаланган жана мыйзам аркылуу белгиленген бардык милдеттерди аткарууга тийиштүү болгон адам.
  2. Адам, эл.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эмизе албай калыпмын, / Курсактагы баламды, / Дабалар киши табылбай, / Бойуңдагы жараңды, / Элиң ырдап шакылдап, / Калгандары какылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жараңдын оозун карасам, төрөм, / Эт чыгарган чарадай, төрөм, / Жүрөгүңдү карасам, төрөм, / Тегирмендин барадай, төрөм, / Эрдигиң бар энөөсүң, төрөм, / Ак олпок кийбей а… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айаш атам Момунжан, / Кашкардагы Токто сарт, / Чүрөк жеңем келтирди, / Бириңдин жараң бүтүрдү, / Бириңди бойго жеткизди, / Айла менен амалдап, / Таласка кайта келтирди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жарымы төгүн жарымы чын, / Жарандардын көөнү үчүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жонуңда жараң бүтө элек, / Кыз талашып сен менден, / Не келесин бу элге?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →