жарамсыз
- Пайдаланууга, колдонууга жараксыз, керектөөгө жарабай турган начар.
- Ылайыксыз, орунсуз, ылайык келбей турган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ «Ыйлашарга өз жакшы, / Сыйлашарга жат жакшы», / Жарамсыз болсо ушул кеп, / Эмгичекти унутпай, / Не үчүн айтып олтурат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Анте албагандар — жарамсыз, колунан түк келбейт!..
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бирок жарамсыз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →