жаралуу1

китептерде 73 жолу, 9 китепте
  1. Жарасы бар, жара чыккан.
  2. Жарадар, жарадар болгон.
  3. өт. Кайгылуу, муңдуу, күйүттүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…кума, / Тартып алды кабынан, / Кармап алды санынан, / Караган киши таң калар, / Мизинен чыккан жалындан, / Күүгүм туман көздөнүп, / Майлаган буудай жүздөнүп, / Жаралуу болуп токойдон, / Чыккан жолборс түстөнүп, / Кабагына кар тоңуп, / Мурутуна муз тоңуп, / Ызгаары чилде кыш болуп, / Мындан мурун адамзат, / Көрбөгөн сонун иш б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жаралуу болгон Чигитей, / Сөөгүнүн баары жок, / Мурункудай сен менен, / Сойул алып карсылдап, / Чабыша турган чагы жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Семетей түшүп эсине: / “Семетейди айткандар, / Бейажал өлбөйт деди эле, / Жаралуу болуп калдым деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жаралуу болгон жолборсту, / Кара жер араң көтөрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Түрмөдөн жаралуу болуп качып келгендер кабарды жаман деп угузду, ал атып өлтүрүп жатат деди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →