жарала
- Жарадар кылуу.
- Жара пайда болуу, жарасы күчөп кетүү.
- өт. Кайгыга, санаага салуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жүрөгүн найза аралап, / Жүлүндөн чыкты жаралап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кыйамына келтирип, / Кыр аркага сайганда, / Карчыганын балык эт, / Саламаттын найзасы, / Кирип кетти аралап, / Дабытайдын аркасын, / Талкалады жаралап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сөөктөрдү аралап, / Өпкө-жүрөк жаралап, / Аркы такыр колтуктан, / Учу чыкты мулт этип, / Алдында минген атынан, / Оодарылды шылк этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кармаган кылыч колуна, / Чыканакты болжоду, / Шилтеген кылыч жеткенче, / Найза менен бир койду, / Булчуң этин жаралап, / Тарамышын аралап, / Билегинен кара кан, / Агып турат салаалап, / Колундагы кылычы, / Кыңгыраган үн чыгып, / Заңгыратып тоолорду, / Бир укмушту сүр чыгып, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эрки менен кудайдын, / Эр жаралат ар кандай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →