жарал
- Дүйнөгө келүү, пайда болуу.
- Түзүлүү, курулуу, жасалуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жыйырма бешке чыкканда, / Ат көтөргүс дөө болгон, / Амалсыздан жөө болгон, / Эр Сейтек бабам кел, / Жан бүткөндө жаралган, / Жалаңкыч Сарык наам алган, / Кутулуп сенден ким калган, / Кененим келгин чоң атам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ы төгүлүп: / — Атагы алаш болгондо, / Ааламды алган кулданып, / Моңгулдан айрып бөлгөн, — деп, / Алтымыш уруу алаш деп, / Атагын алып берген, — деп, / Адам ата жаралып, / Андан адам таралып, / Жер бетине шаар салып, / Каканчын эли болгону, / Адам уулу барбаган, / Падыша арбак бак бурчун, / Кайнап жаткан Каканчын, / Кызыл деңи…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кабыландай караган, / Каары катуу жаралган, / Көргөн пенде жадаган, / Алгарасын мойундап, / Бат атарын койундап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Уламалап укканда, / Укмуштуулар айтканда, / Нечен баатыр, нечен эр, / Жалгыз менмин дегендер, / Пейли суудан кенендер, / Канча бааша, канча хан, / Жер бетинде жаралган, / Дүйнөдөн өттү тамам жан, / Кара болсун, хан болсун, / Жарды болсун, бай болсун, / Ачка болсун, ток болсун, / Дүмпөр болсун, шок болсун, / Колу жок болсун чо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
— Большевик — бир элдин таалайына каршы жаралган калайман.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →