жарактан
- Куралдануу, курал-жарак алуу, курал-жарак менен камсыз болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…п жалтылдап, / Алоолонуп тулпарлар, / Ала качып алкылдап, / Ок өтпөс буулум шым кийип, / Багалеги балкылдап, / Дем албастан күн-түнү, / Урушуп жүрөт акылдап, / Жарактан чыккан жаңырык, / Эрден чыккан бакырык, / Ат дабырты тапылдап, / Доолбас үнү карсылдап, / Сүр көрсөтүп түнүндө, / Калыбектин аскери, / Мылтык атып тарсылдап, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Найза, кылыч, балтадан, / Калбады тарпы жарактан, / Пендеден мындай эр кылып, / Кудурет кандай жараткан?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
бир башка, / Жер тумандап көрүнбөйт, / Көзүн бардап караса, / “Кең пейил болсо Сейитим, / Эрдигине жараша, / Азык ичип, ат минип, / Жамап, жазкап тон кийип, / Жарактанып жайланып, / Жазыксыз келсек камданып, / Канча күндүк мөөнөттү, / Сейитимден сурайбыз, / Сөзүмдү айтып Сейитке, / Барып кел” — дейт суранып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кур кол калып Канчоро, / Жарактан жаны тынганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Найза менен балтадан, / Ажырашты алардан, / Кылычтан башка жарактан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →