жарака
- Жарылган бир бөлүк же майдаланып бөлүнгөн бир сынык (көбүнчө отунга карата).
- Узатасынан кеткен жарык, жарык калтыра сынган же ажырап кеткен жик.
- өт. Ынтымагы, ыркы кетүү, арасы ачыла баштоо, араздашуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Ошентип жатып Күкүк кулап кетет да аңкилдек атып отуруп жердин түбүндөгү жаракага кирип кеткен экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Ошол бойдон алар да жаракага түшүп жым болду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →