жарадар
- Жаралуу болгон, жарааты бар, жаралуу.
- Жараланган адам, жаралуу адам.
- өт. Кайгы-муңу бар, кайгы-капалуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Анын ырысына жараша, / Аркасын карап кылчаңдап, / Жорголой басып ыкчамдап, / Кыйгач тиктеп жаныбар, / Кыйырдата тепкенде, / Жүздөн ашык ит өлүп, / Бир канчасы жарадар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Күүлдөшүп күжүлдөп, / Кууратабыз, эми деп, / Жарадар болуп Чигитей, / Жалтайып калды деги, деп, / Казак, каңгай күпүлдөп, / Жазылбай күүсү жатышын, / Башка жактан уккун кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Дабытай болгон жарадар, / Кесилет болгон санаадар, / Карып калган экенмин, / Менде канча алым бар?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кантип болдуң жарадар, / Кайратың ашкан балбансың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
нетейин, / Мен Таласка жетейин, / Таластын тарпын чыгарып, / Талап алып кетейин” / Деп ойлонуп Калдуубет, / Бура тартып баратып, / Акылга түштү да бир кеп: / “Жарадар болгон Сомбилек, / Боз ат минген бир киши, / Алып кетип калды, — деп, / Сыйкыр экен кыргыздар, / Толук жайын ким билет?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →