жараат

китептерде 14 жолу, 7 китепте
  1. Денеге ок жаңылуудан, найза сайылып, кылыч чабылуудан же башка нерселер тийүүдөн улам пайда болгон ткандын бузулуп, жараланган жери, ок тийүү же башка себептерден улам пайда болгон жара, жаракат.
  2. өт. Кайгы, муң, санаа, көңүлгө так калтырган жамандык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…оору ак, / Суучулдук деген чымчык бар, / Андан кармап келиңер, / Жүнүн жулуп алгыла, / Күнгө жайа салгыла, / Чай кайнамда какжырайт, / Талкан кылып тарткыла, / Жараатына чапкыла, / Сүт тикенден тергиле, / Кайнатып туруп бергиле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жарадар болсоң, Медеркан, / Алып келип Таласка, / Азабыңды тарттырды, / Айылыңа кайра кеткинче, / Айабай мага бактырды, / Мөңкөтайды чыгарбай, / Төрүмө менин жаткырды, / Жараатыңа, Медеркан, / Жакшылап дары чаптырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эбеп менен себептен, / Кубат менен Медеттен, / Каныкей жасап иштеткен, / Бар дарыны ичирип, / Күн тогузга толгондо, / Кененимдин бойуна, / Койбой жараат бүтүрүп, / Коңторуп картын түшүрүп, / Жаткырып койду уктатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Элдер келип колбушуп, / Кийимин шерди тонотуп, / Каныкей карап жараатын: / — Балтаны качан алгансың? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аргымак суудан оозуна, / Ууртап алып толтура, / Тамызып сууну туруптур, / Жараатка чапкан дарыга, / Тамызып турду дембелеп, / Жалбырак куурап калат деп, / Жашартып улам бул чөпкө, / Айбанда болсо жылкынын, / Акылы артык бөлөкчө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →