жара1

китептерде 429 жолу, 10 китепте жара 2 →
  1. Талапка ылайык келүү, туура келүү, талаптагыдай болуу, жагып калуу.
  2. Бир ишти аткарууга, орундатууга кереги тийүү, пайдасы тийүү.
  3. Кандайдыр бир нерсеге көңүл буруу, назар салуу, көңүлгө алуу.
  4. жарайт формасында. Макул дегенди, макул болгондугун билдирүү маанисинде колдонулат.
  5. Атоочтук формасында. жараган. Мыкты, келишкен, ойдогудай, табына келген.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Топчулуксуз тондору, / Жайылып кетти далбактап, / Найза менен сайганда / Балта менен сайдырбай, / Калдык кайра какканда, / Талкаланып найзасы, / Куру кол болгон чактарда, / Балта менен балакет, / Кардын жара чапты анда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тартчуу боосун кармады, / Мойнуна муну салганы, / Узунбу, кыска өмүрү, / Өлгүнчө уулга арнады, / Көзү көрүп энеси, / Байкап муну калганы: / “Ээ, кудай, шүгүр өзүңө, / Торгой шерге жарады, / Максатка жеткир жараткан, / Жан кылган соң адамды, / Калганда өзүң билесин, / Пайдасы менен залалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айдама кошуун кол жайнап, / Алпардың элди алыска, / Эл сактабай, эл кырып, / Жарайсың кандай намыска? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жоон сабоодой буту бар, / Саа жарайбы ушу тай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аты менен жарагын, / Алдап алдым каруу жок! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →