жапырт1
- Бүт баары, жабыла, текши, жалпы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эрегишип беттешип / Эрдик уруш кылбадык, / Жапма уруш баштадык, / Жапырт калбай каптадык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Казынада элдерге, / Жатып жеген эрлерге, / Жалпы баарың жүргүн, деп, / Жарлык кылды бүт элге, / Жапырт баары жөнөдү, / Жазайыл атып, жаа тартып, / Очогор менен ок атып, / Жер куйкалап топ атып, / Алай- дүлөй тарсылдак, / Жан алуучу барсылдак, / Мунарыктап топура…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бозорук таң атканда, / Боз торгой сайрап жатканда, / Хандын баары калдаңдап, / Камчысын сүйрөп далдаңдап, / Таңдагы нашта даамын, / Ашпоздору тез камдап, / Айкөл баштап бардык хан, / Кыргыл баштап кырк арстан, / Жапырт жүрүп бастырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ң Кыйаз, / Чогулуп тура калды, эле, / Алты жолу эр Гүлүс, / Бул дүйнөдөн өткөрдү, / Өлгөн бойдон өлбөстөн, / Тирилгенин көз көрдү, / Жал-куйругун тору аттын, / Жапырт кыркып алганы, / Тирилген менен ал Кыйаз, / Соотсуз өзү калганы, / Амалсыздан акыры, / Тору атты сойуп салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Биз күчүбүздүн келишинче тез чуркап, иттерге жеткирбей, сени ушул ийинге алып келдик, – дешип жапырт жооп беришет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →