жапылда

китептерде 10 жолу, 3 китепте
  1. Ичи-койнуна кирген же өтө эпилдеген мамиледе болуу менен бирге шапылдап сүйлөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Хандарды мактап келгенде, / Ырчылар жүрөт жапылдап, / Эл башкарып хан Үрбү, / Сүйөлөп турат шакылдап, / Аркасынан көк жасоол, / Ээрчип турат такымдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
- / Жаагын жанып Нескара, / Жапылдап канча басылды / Түшүнгөнсүп Эсенхан, / Аттанып жолго бастырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…да этек жап” / Тилимди алып кайра тарт, / Таласты көрбөй талаада, / Сөөгүң калба башың жаш, / Деп сөзүн айтып ашырып, / Чокудан алыс таш уруп, / Желмогуз турду жапылдап, / Так кайырган комуздай, / Токтобой сүйлөп такылдап, / Шылдың кылган немедей, / Саның чаап шакылдап, / Көбүргөндөн жабырып, / Көтөрүп алып көөдөнүн, / Учуурчу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Деп ушинтип жапылдап, / Сүйлөп турат “кыз бийкеч”, / Тапан хан турат башты ийкеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Биз барганда бүлөсүндөй ачылып, жапылдашып калат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →