жапшыр
- Бир нерсени катуу капшыра коюу, жабыштыра коюу, кабырылтуу, жалпайта уруу.
- Жабыштыра кысуу, бир нерсенин үстүнө жабыштыра тигүү, жабыштыруу.
- Катуу, жашыруу, бекитүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көз ачырбай токмоктоп, / Балта менен башка уруп, / Башындагы туулганын, / Төбөсүн ылдый жапшырып, / Каржилигин капшыра, / Койуп турат Бактыбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Балбанына карабай, / Беттеп кирди бешөөнү, / Жайыла кача бергенче, / Жан куткарып кеткенче, / Жапшыра сайып өттү эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көргөндө коргон караанын, / Жоо келди деп кароолчу, / Дарбазасын жабат деп, / Далдаңдаган Коңурбай, / Дал тышында калат, деп, / Бир найзадан кечем деп, / Жапшыра сайып коргонго, / Таштап койуп кетем деп, / Тиктеген көзүн ирмебей, / Чындап кууду бекемдеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күчү ташкан Гүлчоро, / Кара жаак балталап, / Катуу чапты жапшырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Берегинде, керегенин түбүнө жапшырыла, оң ийни пагону отко чагылышып жаркырап, буттарын чачып таштап, көмөрөсүнөн түшүп чочкодой корулдап, уктап жаткан — Бала Курман.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →