жапанда
- Жат жерде.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алтайлык казак бузулуп, / Жапандакы Кызылдөө, / Жалгыз көздөө жалаңгыч, / Көкбукачан Мадыкан, / Нескаранын Жубатай, / Ушаңдын уулу Усанген, / Мурадилдин Карагул,- / Баарын казак кычырып, / Күрпүлдөктүн бойунда, / Кан кечишкен ойунда, / Ошондо элге таанылдым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Казактын эли бузулуп, / Жапандакы кызыл дөө, / Жалгыз көздүү Мадыкан, / Нескаранын Жубатай, / Мурадилдин Каратай, / Калмактардын Уусанген, / Калбай келип баарысы, / Бирөө тирүү калбады, / Семетейдин ошондо, / Абдан ачты арбагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жапанда жалгыз жолуккан, / Жапаны бирге тең тарткан, / Белиме таңуу Медетим, / Жетилбей, калдың кайыр-кош!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кыйын — деп — угуп кабарын, / Жандан тойуп, суу кечип, / Кызылуйук чоң дөөгө, / Жапандарга мен бардым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жан алуучу жапанда, / Ач карышкыр түрдөнүп, / Бузулуп өңү Бөтөнө, / Албан-албан сүрдөнүп, / Жыгачтар коркуп дирилдеп, / Кашы менен кирпиги, / Тал-тал болуп бириндеп: / — Келдым м…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →