жапалдаш

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Бою жапызыраак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жапалдаш сары чечекей, / Апийинден кем эмес, / Эрмен менен боз куурай, / Кайнатып суусун жууганда, / Териге желди жуктурбай, / Көлү менен күлепше, / Көп экен дары бул жерде, / Тал мыйа менен кекире, / Табылбайт бизде дегеле, / Сандап жатат ар жерде, / Дары эсептеп билесе. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Мында ар кайдан жыйнап келип салган он чакты кишиден башка Солтонун бир тууган инилери Айылчы, Көчкүн, Муканбет дегендер бар, Көчкүндөн улуу, бирок андан бою жапалдаш, былчыйган, жалпак мурун, боз бучук бала, кишиге сүйлөсө дайым какшык менен келет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Алыстан караганда байкалбаган, берекесиз сакалы бар, жапалдаш сары жигит. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Барбайган чоң сакалы бар жапалдаш келген, күрсүйгөн жоон неме. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →