жапайы
- Колго үйрөтүлбөгөн, колдо багылбаган (айбандар, канаттууларга карата).
- Кол менен эгилбеген, адам тарабынан айдалып өстүрүлбөгөн, маданиятташтырылбаган, өзүнчө чыккан.
- Иштелбеген, адамдын колу тийбеген, ээн жаткан (мисалы, талаа).
- Маданияттан четте калган, маданияттуу эмес, коомдон окчунураак, ээн жүргөн, толук отурукташпаган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Төө куйрук, шилби, кожогат, / Жапайы терек бар мында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Карасынан чаары көп, / Көзү чекир сарыча, / Ыраңы кара чочконун, / Ташбаканын түрүндөй, / Сары түгү сапсайган, / Кирпи чечен түгүндөй, / Сакал менен мурутка, / Деги темир тийбеген, / Жапайы доңуз жүнүндөй, / Жыландай өңү өтө чаар, / Сүрөтү адам болбосо, / Сөлөкөтү башка жан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Жапайы бугуну карматып келип баягы карындашы жаткан көмүркөйдү бугунун эки мүйүзүнүн ортосуна бекем байлап кадайт да, бугуну жибек аркан менен аркандатып коет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →