жапа1
- Жанга баткан, кыйноо тарттырган, кордук, түйшүк, жабыркаткан кайгы, башка түшкөн оор абал, азап.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жапандан алат жасоолду, / Аралдан алат адамды, / Ар кайдан табат андайды, / Аралап кирип четиңден, / Айабай бүлүк салбайбы, / А, көрөкчө бурутту, / Койбой талап алалы, / Капка тигип жанайлы, / Коктукат алып баралы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ы, / Шамалга учкан камгактай, / Далбаңдаган калмакты, / Тайган кууган кийиктей, / Барбаңдаган калмакты, / Эки этеги жыйылбай, / Салбаңдаган калмакты, / Токойдо жапа доңуздай, / Дардаңдаган калмакты, / Карчыганын балык эт, / Найза менен муштады, / Табарсыкты аралап, / Найзанын учу чыкканы, / Калмакты сайып алганы, / Кара же…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бээжинге келсең жол ачык, / Бараңга барсаң тоспогон, / Жапанга барсаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Карс эттирип сөөк жебей, / Шалп эттирип суу ичпей, / Ачка жүрүп куруду, / “Катын жапа, ит опа” / Элден калган кеп ушул.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Топтун ичинде,- казысын челкейтип, жапактан чыккан Байзак болуш менен биздин Ыбыке жүрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →