жанында
- Караганда, салыштырганда.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жанындагы акшамшар, / Алып берди Бекбача: / — Балага берген белегим, / Алып келип бергиле, / Нурфанумдун көйнөгүн, / Нурфанумдун ордуна, / Көйнөгүн кармап жүрөмүн, / Күнү-түнү түшүрбөй, / Мен этиме кийемин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алтымыш алты алпым бар, / Кесилеттен башкасы, / Тең келеби Кененим, / Жалгыз кара бир башы, / Өлтүрүп койсом бул жерде, / Жанында караан киши жок, / Кыла турган көз жашы, / Жыга чаап Кененди, / Өлтүрүп койуп нетемин, / Не муратка жетемин?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…уп, / Хандын баары калдырап, / Кошойдун жолун караса, / Тоодой тору аты бар, / Колуна алган кушу бар, / Ээрчиткен тайган ити бар, / Толгомо саптуу камчы бар, / Жанында эки киши бар, / Кадырлуу Кошой абаңдын, / Көрө койуп караанын, / Урматын кылып бардык хан, / Түшүшүп тегиз атынан, / Көрпөчөнү жайышты, / Кадырлуу Кошой карыны…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айчүрөк бар алдында, / Хан Сейитек, Гүлчоро, / Керменбай бар жанында, / Кирип чыгып Сетертай, / Бирге жүрөт Каргалдай, / Андан башка кишилер, / Артынан басып бара албай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мынабу чыгдандын жанында, жыртылган электи чүпүрөк салып жамап буту колу жоон, тоголок бир кара катын отурат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →