жаныма
- сейр. Бычак, устара ж.б. жанып курчута турган кайрак, бүлөө.
- мат. Жанып өтүүчү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ап үрүп үн салып, / Таскактап желип тайгандар, / Эчтекеден тайманбай, / Чиктей карай жүгүрдү, / Ылдамдап тайган кеткенин, / Эр Кененим көрүптүр, / “Жан көрбөсө жаныман, / Жарым кулач кетпеген, / Доңуздан башка жандарга, / Жолдон чыкса үрбөгөн, / Жаныман кетти ажырап, / Үргөнчө кетти арсылдап, / Аңдып жүрүп чоң Чиктей, / Келат…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жаныма Манас шаар салдым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каралды бол деп айтпайым, / Караан болуп жаныма, / Сыйкыры артык эң жаман, / Азыр болгун жаныңа.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Балапан болсо жарадар, / Эне-атасы санаадар, / Айбан туруп тили жок, / Абыдан жанын кыйнады, / Алып койсом жаныма, / Атайын келип сурады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бул сөз жаныма найза жанчкандай тийип:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →