жаныбар

китептерде 83 жолу, 8 китепте
  1. Ар кандай айбандар, тирүү жандыктар, жалпы эле айбанаттар дүйнөсүнүн өкүлү.
  2. Малга, жер-сууга (көбүнчө малга карата, кээде жерге-сууга, адамдарга карата) таң калуу, жогору баалоо, урматтоо маанисинде айтуудан колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Амалкөй бирөө келбесин, / Кетиптир деп Бейбача, / Жазабызды бербесин, / Жаныбарды калтырбай, / Кекилик, чилдей тербесин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ээсинен артык эси бар, / Айбан да болсо жаныбар, / Арнап минчүү малы ал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…п, / Каз таман найза карманып, / Манастап баатыр үн салып, / Качырып кирди бет алып, / Жаалысын көргөн кишинин, / Жаны турбай ордунда, / Аралап өтө бергенде, / Жаныбарым кеңкула, / Жаадай учуп зыркырап, / Кагнаттуудай дыркырап, / Беттеп сайып бешөөнү, / Качырбай сайып жетөөнү, / Он экини сайды эле, / Карап турган коросон, / Эс-… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кайраты толук арстаның, / Аттан түшүп калган жок, / Жайылып этек, жалп этип, / Жаныбарым Аккула, / Кырга чыкты шып этип, / Жыгылбай турган баатырга, / Бетине чыдап баралбай, / Жаза атып салдым, — деп, / Атына минип Көкчө көз, / Айабай качып алыптыр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Байлап койсом өлөт, деп, / Агийиндей шумкарды, / Агытып кетип калганбы, / Олуйанын үйүндө, / Үч түлөгүн түлөгүн, / Жаныбарым Агийин, / Асмандап учуп бул жерге, / Бирге кабар салганбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →