жаны
- Сылай сүртүү, колу менен сылоо.
- Кандайдыр бир нерсенин жанын сыйпап өтүү, жанына тийип өтүү, сылап өтүү, кичине тийип өтүү.
- Ыргытылган таяк Асандын калпагын жанып өттү («Ала-Тоо»).
- Көбүнчө устара, бычак өңдүүлөрдү курчутуу максатында кайыш курга, бүлөөгө ж.б. тийгизе сүрүү, аркы-терки сүргүлөп курчутуу.
- Ашым курун чече коюп, устарасын жанып-жанып алды («Ала-Тоо»).
- Көзүнүн кыйыгы менен карап өтүү, акырын көз чаптыруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…анды суудай агызып, / Баш- аламан кылат, — деп, / Кылычтап башты кыйат, — деп, / Баарыбызды кырат, деп, / Жыпжылма түптүз кылат” деп, / Коросондун элдери, / Өз жанынын камын жеп, / Убайым тартып сарсана, / Упурак болуп турганда, / Бурулбастан Кененим, / Коросондун коргонго, / Падышалык ордого, / Тепчий сайды соотунан, / Дарба…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алакеңдин жанына, / Ашыгып Серек келгени, / Эмгичекти элдерге, / Айтылып калды эрмеги: / — Баш кишибиз Алмамбет, / Мен айтамын саа бир кеп, / Молдоңо айтып көрүңчү, / Катыңды окуп кара, деп, / Чакырып алып молдосун, / Катчы болгон жолдошун: / — Байматтын санын оку, — деп, / Болбосун жаздым кокус, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эркек киши болгондон, / Барбады бирөө жанына, / Кыңырак, канжар, кестигин, / Ташка кайрап алышып, / Кескилеп кирди тирүүлөй, / Катындын баары талашып, / Таразага салышып, / Тартып алтын алышып, / Өзөгү сак өлбөстөн, / Канчоро турат кайышып, / Кубалап чыкты аларды, / Гүлчоро, Бакай, Сейитек, / Талаадан келип калышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Сайга кире берген жерде, бир калың мүрзөнүн жанынан өтүп баратсам, Беккул арыктын боюнда, сууга нан чылап жеп отуруптур.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Анын кейпин көрүп, сөзүн уккан кыздар коркконунан очоктун жанына отура калышат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →