жанч
- Кандайдыр бир нерселерди майдалоо, талкалап күкүмдөө, ургулап былчыйтуу.
- өт. Аябай уруу, аябай таяктоо, талкалоо, былчылдата сабоо.
- Катуу урунду болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өңүңдө көрсөң жыланды, / Тирүү койбой жанч деген, / Түшүңдө көрсөң жыланды, / Табылбаган кенч деген, / Адал жубай Акмаңдай, / Мага көргөн түш экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кишинин өтүн куйушуп, / Кайнатма кара тыгышып, / Кырма кызыл чабышып, / Азизди жанчып таңышып, / Санаасын басты какандык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сүт тикенди жанчышып, / Жарасына чаптырды, / Кургатып суусун катырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эр көрбөгөн ээн журт, / Кезектешип сактабай, / Сөөгүн жанчып, канын бүрк!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бул сөз жаныма найза жанчкандай тийип:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →