жантай
- Чыканагы менен жер таянып, жамбаштап жатуу, кыйшая кырынан жатуу.
- Ылдыйлап оой баштоо, бир жагына кыйшаюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Калдагай кулак Чойун алып, / Темир тондуу Шалкымат, / Жез киндиктүү Кикимат, / Каңгайлыктын хан Чиктей, / Тажиктердин Темирбек, / Коросондун Дабытай, / Испандыктын Ачакан, / Маңгыттардын Саламат, / Бир урушта сегиздин, / Бирин койбой аймаптыр, / Жантайагы Бактыбай, / Жакын ээрчип жандаптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кытайда Жантай, кызталак, / Хан жумшады мени, деп, / Каның айдап келдиңби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кол көтөрүп чапты эле, / Калдыркан ала көйнөгү, / Кат-катынан бөлүнүп, / Кара каны төгүлүп, / Ташка ойногон улактай, / Жантайа түшүп калды эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жалбырактан жалмады, / Жарым саатка калбады, / Жаны мээйип жыргады, / Жаңтайган бойдон жан жыргап, / Жайдарың уктап калганы, / Сомбилек уктап калыптыр, / Аргымак, эки тайганы, / Ашып калган чөптөрдү, / Жарага жаба салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Беккул жантайып жаткан бойдон ыңгыранып, жүрөгү айнып, кускусу келип турган немедей кабагын чытып:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →