жансыз1
- Жаны жок, өлгөн, тирүү эмес.
- Кыймылсыз, тынч жаткан, кыймыл-аракетсиз, ээн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жандуу менен жансыздын, / Тилин билет Кененим, / Баштан айтып жүрөбүз, / Сегиз миң жыл жашаган, / Азазилдин жолдошу, / Жүйрүн дөөнү өлтүрүп, / Тилин сууруп жегенин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аккулага сары улак, / Садагасын чаптырып, / Суусар менен сүлөөсүн, / Кундуз менен булгунун, / Жансыздарын чогултуп, / Бай Жакыпка тапшырып, / Нары менен жылкысын, / Соогатчыга таратып, / Ырысын көр мунун деп, / Зоок калтырып каратып, / Касиеттүү Акбалта, / Көктеке …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ойлоп болуп кара нээт, / ( Андан кетпейт жаман нээт), / Тапан хандын жан жерин, / Жансыз кылып бекитет, / Эгер андай кылбаса, / Тапан ханды шекитет, / Түбүндө кандай кыздыр, деп / Куткарбасты шекшинтет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жансыз катты алды, дейт, / Хан Кыйазга барды, дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жандуусунан жансызга, / Катуусунан жумшакка, / Чачылып жатат ар кайда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →